113. Учур чактагы кыймыл-аракетти билдирген сүйлөмдөрдү өткөн чакка айландыргыла. Биз спорт жөнүндө жаңылыктарды гезит-журналдардан окуп жатабыз. Биз телевизордон спорттук берүүлөрдү көрүп турабыз. Биз спорттун түрлөрү менен машыгуудабыз. Биз спорттук мелдештерге катышып жатабыз. Биз спорт менен ден соолугубузду чындап жатабыз.