
Жылда эле флешмоб сыяктуу белгиленип калып жатат. Кыргыз тилине арналган ырларды окуу, сынактарды өткөрүү, майрамдык иш-чаралар, албетте, кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик тилди даңазалоого түрткү болот. Бирок, бул мамлекеттик тил жөнүндө 23-сентябрь күнү гана эстеп, майрамдоо менен гана чектелбей, мамлекетибиздин ырааттуу саясаты катары кандай деңгээлде жүргүзүлүп жатканына көңүл бурушубуз керек. Республикабыздын мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамы кабыл алынгандан бери быйыл 31 жыл өтүптүр. Ал эми "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасынын" аткаруу мөөнөтү быйыл аяктайт экен. Бул аралыкта мыйзам менен программанын кайсыл талаптары орундалды, кайсылары орундалбай жатат? Мамлекетти тилибиз өзүнүн макамына жооп бере ала тургандай кылып өнүктүрүп жатабызбы?",-дейт жазуучу Зинакан Пасаңова.
Объяснение: