А/3 105, Төмөнкү текстте мезгил бышыктоочтор барбы? Тийиштүү суроо бергиле. Терт мезгил боюнча диаграмма түзгүлө. ЖАЗ Март, апрель, май айлары жаздын айлары. Марттан баштап күн жылый баштайт. Кар эрип, сай-сайга суу толот. Кыш бою тоңуп жаткан өзөндөрдүн, көлдөрдүн муздары козголо баштайт. Сел жүрөт, алыс жакка учуп кеткен куштар күндүн жылышы менен кайра келе баштайт. Жазда эгин айдалат, малдар төлдөйт, жандыктар тирилет. Жакага, тоолорго көк чыгып, айлана гүлгө, байчечекейге бөлөнөт. Жазында мал көк чөпкө тоюна баштайт. Адамдар эми жылуу кийимдерин которуп, жеңил кийинет. Күн өткен сайын жамгырдын жаашы көбөйө берет. Жайга чейин барып, анан токтолот. козголо баштайт приходит в движение