Эң улуусу айтат;ой чиркин ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини иренжитпей,кенен өмүр сүрүп өтөр элем дейт.
Ал эми ортончусу туруп; Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу кедей-кембагалдарга каралашып,үйгө мейман келсе кой союп,аларды ар дайым сыйлап,алардан алкыш алып кана жүрөт элем,-деп тилек кылат.
Алардын эң кичүүсү унчукпай отурган соң „сенин ушунча малың бар болсо эмне кылат элең ?”-деп сурашат эки агасы.
Менин мынча малым болбой эле эл катарлуу азын-оолак,тир туягым, үстүмдө үй,жанымда акыл эстүү жарым болсо,мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем,- деп жооп берет